Адылбек Касымалиев балдар ооруканасынын курулушу кечеңдеп жатканын сынга алды

Коом Загрузка... 05 Март 2026 16:23
69a9481119fc3-thumb.jpg
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Б Бишкек шаардык балдардын тез жардам клиникалык ооруканасынын кошумча имаратынын курулушу кечеңдеп жатканын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев сынга алды.

Курулуш иштери менен таанышкан учурда ал объекттин бүткөрүлүшүн жеке көзөмөлгө алууну президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиевге тапшырды. Эми ал курулуштун сапатына жана иштин ыргагына күн сайын көзөмөл жүргүзүп турууга тийиш.

"Саламаттык сактоо мекемелеринин, өзгөчө балдар мекемелеринин курулушунун кечиктирилишине жол берилбейт. Бул — биздин балдардын коопсуздугу жана өмүрү. Ушул жылдын июнь айына чейин курулуш толугу менен бүткөрүлүшү керек. Мен өзүм келип, иштин жүрүшү менен кайра таанышам. Эгерде өз мөөнөтүндө бүткөрүлбөсө, тиешелүү чаралар көрүлөт", — деди Адылбек Касымалиев.