Кара-Үңкүр дарыясына суу сактагыч курулат

Аймак
Кара-Үңкүр дарыясына суу сактагыч курулат
copyright icon www

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр дарыясына суу сактагыч курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Базар-Коргон районунун эли менен жолугушканда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, учурда Кара-Үңкүр дарыясына суу сактагыч куруу боюнча долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Андан соң курулуш иштери башталмакчы.

Ошондой эле президент Базар-Коргон шаарында ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын калыбына келтирүү боюнча долбоордук-сметалык документтер даярдалып жатканын айтты.

Мындан тышкары, жаңы келген атайын техникалар менен ички чарбалык каналдар тазаланып, вегетациялык мезгилге каналдарды даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.