Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы жана учуулар коопсуздугу боюнча Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгышы өлкөнүн эл аралык аброюн көтөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.
Министрлер кабинетинин жетекчиси белгилегендей, БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланганга чейин чоң иштер жасалды.
“Буга жетиш үчүн Филиппин өлкөсү менен таймашка чыктык. Биз мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаттык. Эл аралык иш сапарымда бардык мүмкүнчүлүк болгон жерлерде мен да кездешип жаттым. Африка, Латын Америка мамлекеттери менен да алар менен кездешип, суранып жаттык. Борбор Азиядагы мамлекеттер бир муштум болуп жардам берди. Ошонун негизинде да биз утуп чыктык. Абдан кубаныч тартуулады. Көкүрөгүбүз көтөрүлдү”, - деди Адылбек Касымалиев.
Ошондой эле минкаб башчысы Кыргызстан “кара тизмеден” чыгуу үчүн аэропорттор жаңыланганын, жаңы учактарды сатып алынып, мыйзамдар эл аралык талаптарга ылайык келтирилгенин айтты.
“Бул боюнча да көп иштер жасалды. Бизге канча текшерүүлөр келип, карап жатышты. Ошентип биз “кара тизмеден” да чыктык. Эл аралык мааниде мындай чоң жетишкендиктерге жеткенибиз дүйнө жүзүнө угулат”, - деди Адылбек Касымалиев.