Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти болду

Коом Загрузка... 12 Май 2026 11:40
696346919_1448189184018134_8520592444226052555_n.jpg
copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында Кыргыз футбол биримдигинин кезексиз конгресси өттү.

Футбол биримдигинен билдиришкендей, жыйындын алкагында уюмдун жаңы жетекчилигин жана аткаруучу комитеттин мүчөлөрү шайланды.

КФБнын Уставына ылайык, президенттик кызматка жалгыз талапкер катары көрсөтүлгөн Адылбек Касымалиевдин талапкерлиги ачык добуш берүү аркылуу бир добуштан колдоого алынды.

Ал эми аткаруучу комитеттин жаңы мүчөлөрү болуп Акылбек Маматов жана Жохан Ералханов шайланды.

Жаңы шайланган президенттин жана аткаруучу комитеттин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2030-жылга чейин созулат.