Адылбек Касымалиев расмий сапары менен Казакстанга келди

Саясат
67bc57da3506a.jpeg
67bc5996e3d9b.jpeg
67bc57e8adf94.jpeg
67bc57e45c055.jpeg
67bc57e077216.jpeg
Алдыга
Артка
67bc57da3506a.jpeg
67bc5996e3d9b.jpeg
67bc57e8adf94.jpeg
67bc57e45c055.jpeg
67bc57e077216.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев расмий сапары менен Казакстанга келди. 

Минкаб төрагасынын борту Астана шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Адылбек Касымалиевди Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алды.

Аэропортто эки мамлекеттин желектери илинип, ошондой эле ардакдуу кароол тизилген. 

Расмий сапарынын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, ошондой эле Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугат. 

Мындан тышкары, бир катар объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышып сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Белгилей кетсек, Адылбек Касымалиевдин министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайылдалгандан бери чет мамлекетке биринчи расмий сапары.