Адылбек Касымалиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту

Министрлер кабинети Загрузка... 25 Февраль 2025 15:53
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга болгон расмий сапарынын алкагында Астана шаарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан буга чейин жетишилген саясий, соода-экономикалык, суу-энергетика, маданий-гуманитардык жана башка тармактар боюнча кызматташууну тереңдетүү жана максималдуу ишке ашыруу маселелери каралды. 

Ошондой эле, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы айрым учурда болуп жаткан жүк ташуучулардын кезек күтүүсүн болтурбай турган электрондук кезек системасын киргизүү, өткөрүлүп жаткан жүктөрдү текшерүүнү жеңилдетүү, кошумча Кичи-Капка – Бесагаш жана Камышановка – Ак-Суу өткөрүү пункттарын ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлдү. 

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Кыргызстандын жана Казакстандын жарандарынын бакубатчылыгы үчүн жетишилген буга чейинки макулдашууларды ишке ашырууну жана аны бекемдөөнү макулдашты.