Финансы министри Руслан Сүйналиев жамаатка тааныштырылды

Министрлер кабинети 19 Март 2026 11:18
69bb78260c138 (1).jpg
69bb7826eb5ac.jpg
69bb782692f1a.jpg
69bb7826916ef.jpg
69bb782632177.jpg
69bb78260c149.jpg
Алдыга
Артка
69bb78260c138 (1).jpg
69bb7826eb5ac.jpg
69bb782692f1a.jpg
69bb7826916ef.jpg
69bb782632177.jpg
69bb78260c149.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 19.03.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына ведомствонун жаңы жетекчиси Руслан Сүйналиевди тааныштырды.

Тааныштыруу учурунда Адылбек Касымалиев экономикалык туруктуулукту камсыз кылууда жана мамлекеттик программаларды ишке ашырууда Финансы министрлигинин өзгөчө ролун белгилеп, ведомствонун алдында жогорку кесипкөйлүктү жана ыкчам чечимдерди кабыл алууну талап кылган амбициялуу максаттар турганын билдирди.

Жолугушуунун соңунда минкаб төрагасы министрликтин жамаатына жана жаңы министрге жемиштүү иш жана ведомствонун милдеттерин ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.