Адылбек Касымалиев биринчи расмий сапары менен Казакстанга барат

Министрлер кабинети Загрузка... 21 Февраль 2025 17:22
Astana,_capital_of_Kazakhstan_01.JPG
copyright icon WWW

Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. 24-25-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев төрага болуп дайындалгандан бери биринчи расмий сапары менен Казакстанга барат.

Адылбек Касымалиев расмий сапарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, ошондой эле Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугуп эки тараптуу кызматташуу маселелерин кенен сүйлөшөт. 

Мындан тышкары сапардын жүрүшүндө "Казакстан Гарыш Сапары" Улуттук космос борбору, Казакстандын Санариптик өкмөтүнүн кеңсеси сыяктуу бир катар объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышып сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.