Адылбек Касымалиев бир күндүк жумушчу сапары менен Чүй облусуна барды

Министрлер кабинети 2266 20 Март 2025 13:12
67dbbbb2effff.jpg
67dbbbb66457e (1).jpg
67dbbbad5a6c9 (1).jpg
67dbbbb66457e.jpg
67dbbbb5eb2f8.jpg
67dbbbb5e565d.jpg
67dbbbb556743.jpg
67dbbbb551fec.jpg
67dbbbb3c37bf.jpg
67dbbbb3b205e.jpg
67dbbbb2d6a7b.jpg
67dbbbb1d6392.jpg
67dbbbb1d62ce.jpg
67dbbbb084e31.jpg
67dbbbb08079c.jpg
67dbbbaf5b954.jpg
67dbbbaf5a3da.jpg
67dbbbae3db88.jpg
67dbbbae28946.jpg
67dbbbad5e66c.jpg
67dbbbad5a6c9.jpg
Алдыга
Артка
67dbbbb2effff.jpg
67dbbbb66457e (1).jpg
67dbbbad5a6c9 (1).jpg
67dbbbb66457e.jpg
67dbbbb5eb2f8.jpg
67dbbbb5e565d.jpg
67dbbbb556743.jpg
67dbbbb551fec.jpg
67dbbbb3c37bf.jpg
67dbbbb3b205e.jpg
67dbbbb2d6a7b.jpg
67dbbbb1d6392.jpg
67dbbbb1d62ce.jpg
67dbbbb084e31.jpg
67dbbbb08079c.jpg
67dbbbaf5b954.jpg
67dbbbaf5a3da.jpg
67dbbbae3db88.jpg
67dbbbae28946.jpg
67dbbbad5e66c.jpg
67dbbbad5a6c9.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бир күндүк жумушчу сапары менен Чүй облусуна барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Анан алкагында минкаб башчысы Жайыл районунун Ак-Башат айыл аймагындагы “Чайна Петроль компани “Джунда” заводун реконструкциялоо ишинин жүрүшү менен таанышты.

Белгилүү болгондой, модернизациялоо долбоору аяктап, толук кубаттуулукка чыккандан кийин завод Кыргызстандын ички рыногунун керектөөлөрүнүн 40% дан ашыгын кайра иштетитилген мунай заттары менен камсыздайт. Продукциянын ассортиментине Аи95, Аи92, Аи80 маркасындагы бензин, дизель майы, суюлтулган газ, меш отуну, жылытуучу май жана чайыр кирет. 

Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев экологиялык талаптарды сактоо менен, буга чейинки инвестициялык макулдашууда көрсөтүлгөндөй, модернизациялоо иштерин 2025-жылдын 31-декабрына чейин толук кандуу бүткөрүүнү тапшырды. 

Андан соң Адылбек Касымалиев Кара-Балта шаарындагы “Зилан Эверсун Текстиль” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Белгилей кетсек 20 жылдан ашык убакыттан бери иштебей турган “Кара-Балта-килем” ЖЧКнын мурдагы килем фабрикасынын базасында Түркиялык инвестор тарабынан текстиль фабрикасын уюштуруу иштери башталып, президентинин ВКБ аркылуу катышуусунда завод ишке кирген.

Минкаб башчысы Адылбек Касымалиевге учурда инвестор 450 жумуш орунду ээлеген кошумча тигүү өндүрүшүн уюштуруу үчүн мурдагы оюнчук фабрикасынын аймагын жана имаратын сатып алганы туурасында маалымат берилип, бул жерде 100 орундуу аялдар жатаканасынын кошумча имаратын ачуу иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды. Келечекте тигүү фабрикасынын кубаттуулугун 1200 жумуш орундарын түзүүдөн көбөйтүү пландаштырылууда. Бардык тигүү буюмдары экспортко чыгарылат.