Адылбек Касымалиев Беларуска иш сапары менен барат

Министрлер кабинети 30 сентябрь 2026 10:00
Адылбек Касымалиев Беларуска иш сапары менен барат
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев үстүбүздөгү жылдын 1-2-октябрь күндөрү Беларустун Минск шаарына иш сапары менен барат. 

Жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарына катышат. Отурумдардын күн тартиби соода-экономикалык жана ар кандай тармактарды камтыган кызматташуунун кеңири чөйрөсүн камтыйт.

Ошондой эле, “Иннопром. Беларусь” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө бир катар мамлекеттердин делегация башчылары менен биргеликте катышып, көргөзмөнүн “Өндүрүштүк-технологиялык кызматташтык: бири бирин толуктоочу өнөктөштүк” аталышындагы пленардык сессиясында сөз сүйлөйт.

Белгилей кетсек, иш-чараларга Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия өкмөт башчылары, ошондой эле ЕАЭБге байкоочу мамлекеттердин жана чакырылган өлкөлөрдүн делегация башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы катышат.