Адвокаттар күнүнө карата окуучулар үчүн ачык сабактар өткөрүлдү

Коом Загрузка... 01 Март 2026 16:43
IMG_1316.jpeg

Бишкек, 01.03.26 /Кабар/. Бүгүн, 1-март — Кыргыз Республикасынын адвокаттар күнү. Бул кесиптик майрамга карата өлкө аймагында укуктук агартуу боюнча атайын декада жыйынтыкталды. Бул тууралуу Адвокатурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган тарыхый күнгө карата 16-февралдан 27-февралга чейин атайын иш-чаралардын алкагында аймактык адвокатуралардын мүчөлөрү мектептерде ачык сабактарды өткөрүштү.

Иш-чаранын негизги максаттары:

  • Окуучуларга адвокаттык кесиптин маңызы жана коомдогу орду тууралуу маалымат берүү;
  • Мыйзамдуулукту жана адам укуктарын коргоонун маанилүүлүгүн түшүндүрүү;
  • Өсүп келе жаткан муундун укуктук аң-сезимин жогорулатуу;
  • Жаштар арасында мыйзамды урматтоо маданиятын калыптандыруу.

Белгиленгендей, өткөрүлгөн сабактар жогорку деңгээлде уюштурулуп, окуучулар менен мугалимдердин чоң кызыгуусун жаратты. Бул декада адвокаттык кесипти жайылтууда жана калктын укуктук сабаттуулугун арттырууда маанилүү кадам болду.