Бишкек, 21.02.26 /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында балдардын аутизм спектринин бузулуусуна (АСБ) арналган “XXI кылымдагы AСБ: жашоо көндүмдөрү, индивидуалдуулук жана баалуулуктар” аттуу эл аралык практикалык конференция өтүүдө.
Иш-чарада аутизмди эрте аныктоо, заманбап коррекция ыкмалары, үй-бүлөлөрдү колдоо жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүү маселелери талкууланууда.
Ошондой эле анын максаты - өзгөчө балдарга жардам көрсөтүү үчүн бардык тармактардагы адистердин күч-аракетин бириктирүү болуп саналат.
Конференцияга медицина, психология жана педагогика тармагындагы эл аралык жана жергиликтүү адистер, супервизорлор, логопеддер, дефектологдор, коррекциялык, билим берүү жана өнүктүрүү борборлорунун өкүлдөрү жана ата-энелер катышып жатат.
Белгилей кетсек, аутизм менен жабыркаган балдардын саны жылдан-жылга өсүп жаткандыктан, ал медицина жана билим берүү тармагындагы эң актуалдуу темалардын бири болууда.
Бишкек шаарында учурда өнүгүүсү жай жүрүп жаткан балдар менен иш алып барган 50гө жакын коррекциялык, билим берүү жана өнүктүрүү борборлору бар.