Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун нутрициологу Марина Дүйшөнкулова жумуш ордунда кандай тамактар пайдалуу экенин айтып берди.
Анын айтымында, жеңил тамактар ар кандай болушу мүмкүн. Бул кадимки йогурт же айран, жаңгак (миндаль, мейиз жана башка), дан өсүмдүктөрүнөн жасалган нан же жумуртка болушу мүмкүн - баары адамдын табитине жараша болот.
Ошону менен бирге адис жумушта тамактанууда аткарылган иштин мүнөзүн эске алуу зарылдыгын белгиледи.
"Жумушта кошумча тамактануу учурунда кандай иш менен алек экениңизди — көбүрөөк энергияны талап кылган акыл эмгегиби же физикалык эмгекпи, ошону эске алуу керек. Энергия көп сарпталган учурда, тамактар кененирээк болушу керек. Мисалы, салаттар, хумус сыяктуу көлөмдүү жана энергияны көп бөлүп чыгаруучу азыктарды тандаса болот", - деп түшүндүрдү ал.
Дүйшөнкулова кошумчалагандай, күнү бою кеңседе кыймылдабай отуруп иштегендерге ар кайсыны жей берүү сунушталбайт.
"Бир аз шам-шум этсе болот, бирок ашыкча жеп алсаңыз, ал дароо салмакка айланып, семиртип жибериши мүмкүн", - деди адис.
Нутрициолог зыяндуу тамактар тууралуу айтып жатып, ар кандай таттуу токочтор, жада калса бир стакан таттуу газдалган суусундук же кадимки шире (сок) да зыян экенин баса белгиледи. Адис анын ордуна бир даана алма жеген пайдалуу экенин кошумчалады.