Адилет Орозбеков ЖККУнун башкы катчысы Таалатбек Масадыков менен жолугушту — Кабар

Адилет Орозбеков ЖККУнун башкы катчысы Таалатбек Масадыков менен жолугушту

Саясат 15 апрель 2026 17:40
671666094_1528437205957575_8145105607525554922_n.jpg
671719372_1528437202624242_811656447966191474_n.jpg
671767710_1528437212624241_2611342402176446820_n.jpg
Алдыга
Артка
671666094_1528437205957575_8145105607525554922_n.jpg
671719372_1528437202624242_811656447966191474_n.jpg
671767710_1528437212624241_2611342402176446820_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 15-апрелде Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун башкы катчысы Таалатбек Масадыков менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУнун учурдагы ишмердүүлүгүнүн маселелери, анын ичинде уюмдун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин мурда кабыл алынган чечимдерин аткаруунун жүрүшү жана 2026-жылга пландаштырылган иш-чараларды ишке ашыруу талкууланды.

Аймактык коопсуздук маселелери боюнча, ошондой эле учурдагы жана жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу жооп кайтаруу өңүтүндө эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу окуялар боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун соңунда Адилет Орозбеков конструктивдүү иштөөгө жана ЖККУнун потенциалын жана кадыр-баркын чыңдоого активдүү көмөктөшүүгө даярдыгын билдирип, Таалатбек Масадыковго уюмдун жаңы дайындалган башкы катчысы катары ишине ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалады.