Адилет Орозбеков менен Али Багери ШКУ алкагындагы кызматташтыкты сүйлөштү — Кабар

Адилет Орозбеков менен Али Багери ШКУ алкагындагы кызматташтыкты сүйлөштү

Саясат 13 май 2026 18:40
699241691_1554387223362573_1513209590429794706_n (1).jpg
700155133_1554387220029240_6854751508022791619_n.jpg
698473529_1554387333362562_8715154254308300222_n.jpg
698720081_1554387336695895_7066198973309684467_n.jpg
698829439_1554387246695904_7852926606455732004_n.jpg
699997074_1554387250029237_7179185155043909588_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 13-майда Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин тышкы саясат боюнча катчысынын орун басары Али Багери менен жолугушту.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жолугушуусунун алдында өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, ошондой эле актуалдуу аймактык жана эл аралык процесстер талкууланды.

Мындан тышкары, эки жактуу кызыкчылык туудурган бир катар багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнүн учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.

Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуучу тарап катары Кыргызстандын ролу, ошондой эле уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташууну мындан ары чыңдоонун мааниси баса белгиленди.