Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жаштарды автоээнбаштык жасоодон оолак болууга чакырат.
Мекеменин маалыматына ылайык, жыл башынан бери өлкө аймагында жол кыймылынын коопсуздугун одоно бузуп, автоээнбаштык жасаган 1360 айдоочу кармалды. Алардын аракеттери башка жол кыймылынын катышуучуларына түз коркунуч жараткан. Токтотулган айдоочулардын бардыгына карата тиешелүү административдик чаралар көрүлүп, айып пулдар салынды жана унаалары айып короосуна токтотулду.
Автоээнбаштык жана мыйзамсыз автожарыштарга аралашкандардын басымдуу бөлүгүн жаштар түзөрүн эске алып, ата-энелерди балдарынын жүрүм-турумуна өз убагында көңүл буруу эскертилди.
Укук бузуу кодексине ылайык, бир жыл ичинде эки ирет автоээнбаштык жасаган айдоочулар алты айга унаа башкаруу укугунан ажыратылат.