Адам укугу – камакта да сакталышы шарт: Акыйкатчы жабык жайларды текшерди

Коом 13 Апрель 2026 15:30
5397660124907771176 (1).jpg
5397660124907771167.jpg
5397660124907771169.jpg
5397660124907771160 (1).jpg
5397660124907771177 (1).jpg
5397660124907771174 (1).jpg
5397660124907771210 (1).jpg
5397660124907771278 (1).jpg
5397660124907771214 (1).jpg
5397660124907771287 (1).jpg
Алдыга
Артка
5397660124907771176 (1).jpg
5397660124907771167.jpg
5397660124907771169.jpg
5397660124907771160 (1).jpg
5397660124907771177 (1).jpg
5397660124907771174 (1).jpg
5397660124907771210 (1).jpg
5397660124907771278 (1).jpg
5397660124907771214 (1).jpg
5397660124907771287 (1).jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 13.04.26. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын атайын кабыл алуу жайына барды.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, атайын кабыл алуучу жайдын 24 камерасында 56 адам (53 эркек, 3 аял) кармалып тургандыгы аныкталды.  

Акыйкатчы бир катар камераларга кирип, кармалган жарандар менен баарлашты.

Жарандар санитардык-гигиеналык шарттарга даттанышты. Алардын айтымында, санитардык түйүндөр тазаланбагандыктан, камераларга жагымсыз жыт келип турат. Ошону менен катары эле аларга самын, даарат кагазы берилбейт.

Акыйкатчы атайын кабыл алуу жайынын жетекчисине камераларада санитардык тазалоону  өз убагында жүргүзүүнү жана зарыл гигиеналык каражаттар менен камсыз кылууну сунуштады.

“Кармоо шарттарынын жана гигиеналык каражаттардын жоктугу бир гана техникалык кемчилик эмес,  КР Конституциясында жана эл аралык келишимдерде бекитилген адам укуктарынын бузулушуна алып келет” , - деди Жамиля Жаманбаева.

Ошондой эле акыйкатчы жабык жайларда жарандарды кармоо ар-намысын кемсинтүү же ырайымсыз мамиле менен коштолбоого тийиш экенин баса белгиледи.

Акыйкатчы улуттук алдын алуу механизми мажбурлап кармоо жайларына болгон мониторингдерди мындан ары да улантарын, ал эми аныкталган мыйзам бузуулар жоюлбаган учурда мыйзамда каралган чаралар, тиешелүү көңүл буруу актылары жөнөтүлөрүн эскертти.