Адам фактору жок. Мугалимдерге сыйлык берүү автоматташтырылды

Коом 21 Апрель 2026 15:55
674499338_1410056817834725_5432881298298032941_n.jpg
675986850_1410056627834744_7062618605062552949_n.jpg
673764776_1410056787834728_5240393156346558305_n.jpg
674421234_1410056794501394_2085252554898036907_n.jpg
676857845_1410057621167978_5806756646670129331_n.jpg
677357279_1410057691167971_6413540465314460408_n.jpg
678244983_1410056631168077_1931222675207202302_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Кыргызстанда педагогикалык кызматкерлерге ведомстволук сыйлыктарды ыйгаруу процесси биринчи жолу санариптештирилди. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Бүгүн министр Догдуркүл Кендирбаеванын катышуусунда өткөн жыйында "Мугалим" автоматташтырылган маалыматтык системасынын базасындагы жаңы санариптик механизм көрсөтүлдү.

Эми сыйлыкка талапкерлерди тандоодо адам фактору толугу менен жоюлуп, чечимди система автоматтык түрдө кабыл алат. Мугалимдер өз жетишкендиктерин жеке кабинети аркылуу жүктөшөт. Система маалыматтарды текшерип, бекитилген критерийлер боюнча баллдарды өзү эсептейт.

Квалификацияны жогорулатуу, методикалык иштелмелер, кесиптик ийгиликтер жана конкурстарга катышуу сыяктуу көрсөткүчтөр эске алынат.

Министр бул кадам президент Садыр Жапаровдун коррупцияны жана бюрократияны санариптештирүү аркылуу жоюу тапшырмасынын алкагында ишке ашырылганын белгиледи.

Жаңы механизм алгачкы жолу быйылкы Акыркы коңгуроо салтанатында колдонулуп, мыкты мугалимдер ортомчусуз жана адилеттүү тартипте сыйланмакчы.