Ачык кабинет: Жаратылыш министринин иш күнү кантип башталды?

Коом 512 29 Июнь 2026 11:10
WhatsApp_Image_y8SLrSF.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_1kPDdvN.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_CwVB8jl.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_egpqmDb.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
WhatsApp_Image_y8SLrSF.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_1kPDdvN.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_CwVB8jl.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_egpqmDb.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев бүгүнкү иш күнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусунда өткөрүүдө.

Министрдин күнү эртең мененки саат 7де "Биринчи радиого" берген чакан маеги менен башталды. Андан соң Жаратылыш ресурстары министрлигинин башчысы министрлер кабинети менен видеоконференция байланыш форматындагы жумушчу кеңешмеге катышты.

"Мындай кеңешмелер дээрлик жума сайын өткөрүлүп, анда ар кандай маселелер талкууланат. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тийиштүү тапшырмалар берилип, андан соң алардын аткарылышы каралат", - деди ал.

Токтобаев бүгүнкү жумуш күнү бир аз өзгөчө башталып жатканын белгиледи.

"Мен иш күнү расмий баштала электе, тагырагы, эртең мененки саат 9га чейин келип түшкөн кат-кабарлар менен таанышууга үлгүрөм. Министрлик абдан чоң, маселелер көп, ошондон кийин негизги жумушка толугу менен өтүү үчүн келген бардык почтаны алдын-ала карап чыгууга аракет кылам", - деди министр.

Министр кошумчалагандай, анын иш күндөрү бири-бирине окшобойт. Ведомствонун өзгөчөлүгү көптөгөн ар кыл багыттагы маселелерди камтыгандыктан, иш сапарларга көп чыгууга туура келет. Ошол себептүү иштин ыргагы ар дайым абдан динамикалуу бойдон калат.