Бишкек, 14.07.26 /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында журналисттерге өлкөнүн музыкалык мектептеринин материалдык базасынын чыңдалып жатышы тууралуу айтып берди.
Министрдин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстан боюнча 101 музыкалык мектеп иш алып барат. Мындан тышкары, маданият тармагындагы адистерди даярдаган окуу жайлар жана жогорку окуу жайлар бар.
"Бул багытта жаш таланттарды колдоо жана билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Быйыл музыкалык мектептерге берүү үчүн 100 миллион сомдон ашык каражатка музыкалык аспаптарды сатып алууну пландап жатабыз. Ошондой эле 70 миллион сомго керектүү инвентарларды алуу каралууда", — деди министр.
Ал ошондой эле аймактардагы жаштардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында вокалдык-инструменталдык ансамблдерди (ВИА) кайрадан түзүү иштери жанданганын белгиледи. Өткөн жылы музыкалык мектептерге жана ВИА топторуна 21 комплект жабдуу берилсе, быйыл дагы 31 комплект сатып алуу пландалууда.