Абдрахманов: Тарыхтын трагедиялуу окуяларын да унутпашыбыз керек

Коом
Абдрахманов: Тарыхтын трагедиялуу окуяларын да унутпашыбыз керек
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Бүгүнкү күндө тарыхый мурастарды сактоо, өткөн окуяларды эскерүү жана алардан сабак алуу маанилүү. Бул тууралуу Улуттук тарыхый-мемориалдык “Ата-Бейит” комплексинин директору Болот Абдрахманов “Кабар” агенттигине билдирди.

Мындай пикирин ал Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналган конференцияда айтты.

Анын айтымында, Кыргыз автономиялуу республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө менен катар ошол мезгилдеги тарыхый окуяларды, анын ичинде 1938-жылдын ноябрь айындагы саясий репрессиянын курмандыктарын да эскерүү маанилүү.

“Тарыхтагы жетишкендиктер менен катар көптөгөн трагедиялуу окуялар болгонун да унутпашыбыз керек. Бул биз үчүн сабак болушу зарыл. Мындай иш-чаралар, өзгөчө жаштар үчүн пайдалуу. Алар тарыхты угуп, көрүп, билип, андан сабак алышы керек. Ошондуктан тарыхыбызды эске салган мындай иш-чараларды өткөрүүдөн эч качан чарчабашыбыз керек”, — деди ал.