Ыш менен күрөш. Бишкекте көмүр базалары текшерилди

Коом 19 ноябрь 2025 16:49
585221167_834708905848907_3436357276498466450_n.jpg
584733340_834708832515581_4161307940439162333_n.jpg
585666334_834708909182240_1519909207940041356_n.jpg
585853730_834708819182249_992541569763871064_n.jpg
Алдыга
Артка
585221167_834708905848907_3436357276498466450_n.jpg
584733340_834708832515581_4161307940439162333_n.jpg
585666334_834708909182240_1519909207940041356_n.jpg
585853730_834708819182249_992541569763871064_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. Бишкекте абанын сапатын коргоо боюнча профилактикалык рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көмүр базаларын текшерүүдө сатылып жаткан көмүрдүн фракциялык курамы каралып, бөлүкчөлөрдүн өлчөмү 0–13 мм майда көмүр менен аралаш экени аныкталды.

Тактоо иштеринде аталган көмүр "Кыргыз көмүр" ААК тарабынан Кара-Кечеден майда фракцияда келип жатканы белгилүү болду. Натыйжада база ээлерине жана жооптуу адамдарына тиешелүү эскертүүлөр берилди.

Рейддик иш-чаранын алкагында жарандарга жана көмүр сатуу менен алектенген субъекттерге абанын сапатын жакшыртуу, атмосферага булгануучу заттардын чыгышын азайтуу жана тиешелүү эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.