Абайлаңыз! Тоолуу райондордо сел жана кар көчкү коркунучу бар

Коом Загрузка... 08 Апрель 2026 12:00
1755501891.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү жана кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдир88 таратты.

Маалыматка ылайык, 8-апрелден 10-апрелге чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ошондой эле Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда, Чычкан капчыгайы жана Ала-Бел ашуусунда, Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолундагы Көк-Арт ашуусунда жана Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосунда 500 метрлик аралыкты сактоо зарыл .