Абайлаңыз! Шылуундар салык милдеттенмеси тууралуу жасалма билдирүү таратууда

Коом 01 Май 2026 11:14
686461879_1255588926746412_8055803313038131075_n.jpg
684263547_1255588900079748_1388601915388473832_n.jpg
684871603_1255589066746398_1738946058790369569_n.jpg
684732100_1255589046746400_5899603643751455838_n.jpg
687033147_1255588996746405_3928600349417325344_n.jpg
683021533_1255589000079738_2365953144032457902_n.jpg
682728823_1255588896746415_6768566660744615929_n.jpg
Алдыга
Артка
686461879_1255588926746412_8055803313038131075_n.jpg
684263547_1255588900079748_1388601915388473832_n.jpg
684871603_1255589066746398_1738946058790369569_n.jpg
684732100_1255589046746400_5899603643751455838_n.jpg
687033147_1255588996746405_3928600349417325344_n.jpg
683021533_1255589000079738_2365953144032457902_n.jpg
682728823_1255588896746415_6768566660744615929_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Салык кызматы

Бишкек, 01.05.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө алдамчылык фактыларынын көбөйүп жаткандыгы тууралуу эскертет.

Акыркы учурда белгисиз адамдар салык милдеттенмелерин төлөө боюнча жасалма билдирүүлөрдү таратып, аларды Мамлекеттик салык кызматынын атынан жөнөтүлгөн расмий билдирүү катары көрсөтүүдө.

Шылуундардын негизги максаты — жарандарды адаштыруу жана мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын алуу.

Ушуга байланыштуу жарандарды сак болууга жана төмөнкүлөргө көңүл бурууга чакырабыз:

  • расмий билдирүүлөр почта аркылуу же “Салык төлөөчүнүн жеке кабинети” аркылуу гана жөнөтүлөт;
  • Мамлекеттик салык кызматы WhatsApp, Telegram сыяктуу мессенджерлер аркылуу билдирүүлөрдү жибербейт;
  • салык органдарынын кызматкерлери жеке эсептерге же белгисиз реквизиттерге акча которууну талап кылбайт.

Эгерде сизге шектүү билдирүү келсе:

  • шектүү шилтемелерди ачпаңыз;
  • жеке маалыматтарыңызды, сырсөзүңүздү, SMS-кодуңузду жана банк карталарыңыздын реквизиттерин бербеңиз;
  • белгисиз же тастыкталбаган реквизиттер боюнча төлөм жүргүзбөңүз;
  • маалыматты катталган жериңиз боюнча аймактык салык органына кайрылып, тактаңыз;
  • маалымат алуу үчүн 116 номерине чалыңыз.

Эскерте кетсек, “Салык төлөөчүнүн жеке кабинети”, ошондой эле банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу салык боюнча карыздардын бар-жогун ыкчам текшерүүгө жана төлөм жүргүзүүгө болот.

Мамлекеттик салык кызматы жарандарды сак болууга, шылуундардын айла-амалдарына алданбоого жана шектүү кайрылуулар болгон учурда дароо укук коргоо органдарына кайрылууга чакырат.