Ашууларда көчкү түшүүсү мүмкүн: Кооптуу аймактардын тизмеси

Коом Загрузка... 30 Январь 2026 12:20
303388184.jpg
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 30.01.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кайсы ашууларда абал кооптуу экендиги тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, 30-январдан 31-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле Бишкек - Ош унаа жолунун 198-255 чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 65-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка - Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.