Аба ырайы: Бүгүн Ош жана Баткенде жамгыр жаашы мүмкүн

Коом 18 март 2026 08:50
Аба ырайы: Бүгүн Ош жана Баткенде жамгыр жаашы мүмкүн
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 18-мартта күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Ош жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, ал эми калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +10... +14, Суусамыр өрөөнүндө -2… -7, Талас облусунда +8… +13, Баткен, ОШш, Жалал-Абад облустарында +12... +17, Ысык-Көл облусунда +6... +11, Нарын облусунда +1... +6 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +13... +15 градуска чейин көтөрүлөт.