Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-февралда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, бүгүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +8…+13, Талас облусунда +7…+12, Ысык-Көл облусунда +3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунда +8…+13 градус жылуу, Нарын өрөөнүндө -2…-7 градус суук болот.
Термометр Бишкек шаарында +9…+11, Ош шаарында +11…+13 градусту көрсөтөт.