Бишкек, 11.03.26 /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-мартта күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, бүгүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Ал эми Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -2...-7, Ош, Жалал-Абад облустарында 0...+5, Баткенде -1...+4, Ысык-Көл облусунда -3...+2 градус болот. Ал эми Нарын облусунда 0...-5 градуска түшүп, аяз күчүндө турат.
Бишкекте күндүз ала булут каптап, абанын температурасы -5...-7, Ош шаарында мезгил-мезгили менен кар жаап +1...+3 градус болушу күтүлөт.