Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Эртең, 25-мартта өлкө аймагында күн ачык болуп, түнкүсүн кээ бир аймактарда жаан жаашы ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-7 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы Чүй облусунда +17...+22, Суусамыр өрөөнүндө -2...+3, Талас облусунда +15...+20, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында +19...+24, Ысык-Көл облусунда +12...+17, Нарын облусунда +7...+12 градус жылуу болушу ыктымал.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +20...+22 градуска чейин көтөрүлөт.