Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-мартка карата өлкө аймагындагы аба ырайы боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, бүгүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Аймактардагы абанын температурасы:
- Ош, Жалал-Абад облустары: +12... +17°C;
- Баткен облусу: +11... +16°C;
- Чүй облусу: +5... +10°C;
- Талас облусу: +4... +9°C;
- Ысык-Көл облусу: +3... +8°C;
- Нарын облусу: 0... +5°C;
- Суусамыр өрөөнү: -2… -7°C.
Борбор калаада абанын температурасы +7... +9 градусту түзөт. Күн ичинде мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн.