Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. Бүгүн, 4-ноябрда өлкөнүн аймактарында жамгыр, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы Чүй облусунда +3 ... +8, Талас облусунда +1... +6, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +2... +7, Ысык-Көл облусунда +6 ... +11, Нарын облусунда +3... +8 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында жамгыр жаап, абанын табы +3... +5 градусту түзөт.