7-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом Загрузка... 07 Ноябрь 2025 08:30
1689303904_kartin-papik-pro-p-kartinki-khoroshaya-pogoda-osenyu-67.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7-ноябрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Ага ылайык, эртең өлкө аймагында жаан жаабайт, айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +5... +10, Талас жергесинде +7... +9,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +7... +12 градус, Ысык-Көлдө +3... +8, Нарын облусунда +2... +7 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +7... +9 градусту түзөт.