Бишкек, 07.04.25./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, бүгүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 7-апрелде айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы Чүй облусунда +21… +26, Талас облусунда +20… +25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +22… +27, Ысык-Көл жергесинде +15… +20, Нарын өрөөнүндө +14… +19 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкекте +24… +26, Ош шаарында +25… +27 градус жылуу болушу күтүлөт.