7-Апрель көчөсүндө жылуулук тармагындагы авария калыбына келтирилүүдө

Коом 12 февраль 2026 12:05
WhatsApp Image 2026-02-12 at 12.33.38.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-12 at 12.33.37.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-12 at 12.33.37 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-02-12 at 12.33.38.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-12 at 12.33.37.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-12 at 12.33.37 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Бишкектеги 7-Апрель көчөсүнүн Медеров жана Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосундагы тилкесинде жылуулук тармагында авария катталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Учурда "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы тарабынан оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

"Авария түтүктөр эскиргендиктен келип чыккан. Мында жылуулук түтүктөрү 1974-1986-жылдары курулган. Оңдоо иштеринин жүрүшүндө шаардын түштүк бөлүгүндө жылуулук энергиясын берүү убактылуу чектелиши мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

Ишкана туруктуу жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү үчүн зарыл чараларды көрүүдө.