Бишкектин 6-кичи районундагы пиццерия демонтаждалууда

Коом Загрузка... 10 Март 2026 17:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын 6-кичи районунда, Юнусалиев жана Шопен көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан коомдук тамактануучу жай (пиццерия) демонтаждалууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, объект суу коргоо аймагында жайгашкандыктан, мурда түзүлгөн ижара келишими жокко чыгарылган.

Мэриянын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан объекттин ээсине муниципалдык аймакты бошотуу талабы менен кат жөнөтүлгөн.

Натыйжада объекттин ээлери курулушту ыктыярдуу түрдө демонтаждоо чечимин кабыл алышкан. Учурда конструкцияны бузуу жана аймакты бошотуу иштери жүргүзүлүүдө.