Жалдагы кырсык: 6-кабаттан кулаган 4 жашар кыз эсине келди

Коом Загрузка... 10 Апрель 2026 10:24
shutterstock_375942232 (1).jpg
copyright icon www

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Жал кичи районунда көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан кулаган 4 жашар кыз эсине келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Ал белгилегендей, учурда кыздын абалы туруктуу.

“Дарыгерлердин көзөмөлү алдында бейтап дарылануусун улантууда”, - деди ал.

Эске салсак, 4-апрелде Жал кичи районунда аял эки кызы менен 6-кабаттан кулаган. Алган жаракаттарынан улам келин окуя болгон жерде, бир кызы ооруканада каза тапкан. Ал эми 2022-жылы туулган экинчи кызы оор абалда Бишкек шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Буга байланыштуу тергөө иштери башталып, кылмыш иши козголгон.

6-апрелде Ленин райондук сотунун чечими менен келиндин жолдошу 4-июнга чейин камакка алынган.