Министрлик: 5 жылда 1 584 майыптуулугу бар жаран ишке орноштурулду

Коом Загрузка... 01 Декабрь 2025 16:14
photo_5294523833979633190_x.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. 2020-жылдан 2025-жылдын январь-октябрына чейин Кыргызстанда 1 584 майыптуулугу бар жаран ишке орноштурулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, анын 806сы — аялдар.

Жылдар боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүчө:

  • 2020-жылы — 175 адам (80 аял);
  • 2021-жылы — 232 адам (109 аял);
  • 2022-жылы — 263 адам (151 аял);
  • 2023-жылы — 292 адам (158 аял);
  • 2024-жылы — 341 адам (178 аял);
  • 2025-жылы (10 ай) — 221 адам (129 аял).

Министрлик белгилегендей, бул өсүш кесиптик окутууну өнүктүрүү, ылайыкталган жумуш орундарын түзүү жана мамлекеттик колдоо программаларын кеңейтүү аркылуу мүмкүн болду. Бул чаралар мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык интеграциясына жана экономикалык көзкарандысыздыгына өбөлгө түзүүдө.