Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу: 5 миң жумушчу жана 5,6 миң техника иштеп жатат

Коом Загрузка... 26 Март 2026 11:05
WhatsApp Image 2026-03-26 at 10.08.28.jpeg
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 26.03.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жол долбоорун ишке ашырып жаткан компаниянын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө темир жол курулушу боюнча негизги долбоордук материалдар даярдалып, чиймелерди тактоо жана тиешелүү макулдашуулар жүргүзүлүүдө.

Курулуш аянттарында кеңири масштабдагы иштер башталган: 5 миңден ашуун адам жана 5,6 миңден ашуун техника тартылган. Негизги басым туннелдерди казууга, жер иштерине жана көпүрөлөрдү курууга жасалууда. Бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан 3,5 млн куб метрден ашык жер казуу иштери аткарылган.

Өз сөзүндө министр Эрлист Акунбеков долбоорду ишке ашырууда коопсуздук жана экологиялык талаптарды так сактоо зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

"Министрлер кабинети долбоорду ишке ашырууда бардык зарыл колдоо жана координацияны камсыз кылат", - деди ал.

Белгилей кетсек, жолугушууга кыргыз тараптан Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жетекчилиги, "Кыргыз темир жолу" компаниясынын жетекчилиги, ошондой эле "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жол компаниясынын өкүлдөрү катышты.