Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. 23-апрелде Бишкек мамлекеттик университетинде (БМУ) бош орундар жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Жарманкеге мамлекеттик, муниципалдык жана жеке сектордон 100гө жакын уюмдун өкүлдөрү катышат. Жалпы сунушталган бош орундардын саны 5 миңден ашып, алар өндүрүш, транспорт, тейлөө, каржы сектору жана телекоммуникация сыяктуу ар түрдүү тармактарды камтыйт.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар үчүн төмөнкү мүмкүнчүлүктөр каралган:
- иш берүүчүлөр менен түз маектешүү;
- ишке орношуу боюнча кеңештерди алуу;
- резюме түзүүгө жардам берүү;
- эмгек рыногунун абалы жана карьералык өсүш тууралуу маалыматтар;
- такшалма (стажировка) жана кесиптик өнүгүү программалары жөнүндө маалымат алуу.
Мындан тышкары, мектеп окуучулары үчүн кесип тандоого көмөктөшүүчү тесттер, оюндар жана викториналар уюштурулат. Ошондой эле иш менен камсыз кылуу кызматынын адистери мамлекеттик колдоо чаралары боюнча кеңеш беришет.
Иш-чаранын максаты — жарандарды жумушка орноштурууга көмөктөшүү, окуу жайлар менен байланышты чыңдоо жана калкка эмгек рыногу тууралуу кеңири маалымат берүү.