Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. 5-декабрдан тарта Asman Airlines авиакомпаниясы Алматы – Каракол аба каттамын ишке киргизет. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттамдар жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.
Билеттерди авиакомпаниянын расмий сайты — asmanairlines.kg же Asman Airlines мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алууга болот.
Бул жаңы багыт туристтерге жана аймактар аралык байланышты жакшыртууга өбөлгө түзөт.