Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Манас шаарындагы "Акылман" президенттик лицейинин курулушун жеринен текшерди.
Ведомствонун маалыматына караганда, министр курулуштун сапатына өзгөчө басым жасап, мөөнөттү так сактоону тапшырды.
Президенттин тапшырмасы менен долбоордун сметалык наркы кайра эсептелип, оптималдаштырылган. Натыйжада курулуштун 1 чарчы метринин баасы 1 103 доллардан 750 долларга чейин төмөндөп, жалпы баасы 2,1 млрд сомдон 1,7 млрд сомго түштү. Башкача айтканда, 400 млн сом үнөмдөлдү.
"Мында 2,4 гектар аянтка 360 окуучуга ылайыкталган 3 кабаттуу окуу корпусу (34 класс), 410 орундуу жатакана жана мугалимдер үчүн 25 батирлүү 5 кабаттуу турак жай курулууда. Ошондой эле узундугу 25 метрлик бассейн, заманбап спорт залы жана эл аралык стандарттагы стадион каралган", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, бүгүнкү күндө объекттеги курулуш-монтаждоо иштери 75 пайызга аткарылды. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, иштерди “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.