Мыкты стартаптарга 1 млн сом. "40 райондон 40 демилге" долбоору жыйынтыкталды

Коом Загрузка... 01 Декабрь 2025 10:38
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Илим министрлиги

Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. 28-ноябрда Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин "40 райондон 40 демилге" долбоорунун финалдык иш-чарасы өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда өлкө аймактарында иштелип чыккан инновациялык идеялар жана стартап-долбоорлор сунушталды.

Жыйынтыктоочу иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - аймактарда иштелип чыккан инновациялык демилгелерди жана стартаптарды тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы Эдил Байсалов, илим министринин орун басары Кемел Садыков, ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө мыкты деп табылган 8 демилгечи аныкталып, аларга тастыкталган сертификаттар тапшырылды.

Инновациялык демилгелер:

  1. Асанбаев Илхомжон Исмаилович - "Инклюзивдүү технология";
  2. Акматов Баатыр Жороевич - "ЭФИ" жылуулук генераторун жасап чыгаруучу чакан ишкана уюштуруу;
  3. Вдовкина Алеся Игоревна - "Мээримдүү эненин жолу";
  4. Улан Канат уулу - "AiDos. Санарип платформа".

Стартаптар:

  1. Торомаматов Оомат Азаматович - "Сидбол топчолорун даярдоонун жана таратуунун автоматташтырылган системасы";
  2. Самиева Гульжан Зулумбековна - "АФК борбору";
  3. Айдарали уулу Эрнист - "Гидропоника";
  4. Саматова Гульжамал Чормоновна "Жүндү жана терини кайра иштетүү аркылуу кыргыздын улуттук буюмдарын жасоо жана эл арасына жайылтуу жана жаштарга үйрөтүү".

Сыйлыктарды тапшырууда министрдин орун басары Кемел Садыков долбоордун максаты аймактардагы инновациялык демилгелерди колдоо жана өнүктүрүүгө багытталганын билдирди.

Маалымат үчүн: 2025-жылдагы тандоого өлкөнүн бардык аймактарынан 209 өтүнмө түшкөн. Алардын ичинен өндүрүш, тейлөө, айыл чарба, билим берүү, IT, туризм жана чийки заттарды кайра иштетүү тармактары боюнча 30 долбоор алдын ала тандалып алынган.

Бүгүнкү финалдык иш-чарада акселерациялык программаны ийгиликтүү аяктаган 20 катышуучу өз долбоорлорунун бет ачарын жасады. Жобого ылайык, ар бир мыкты инновациялык демилгенин жеңүүчүлөрүнө — 500 миң сом, ал эми мыкты стартап демилгеси үчүн — 1 млн сом акчалай колдоо каралган.