Лебединовка – ГЭС-5 жолу 4 тилкелүү болуп кеңеет

Коом 12 Март 2026 14:40
650786341_1240074511634626_6701828178786644196_n.jpg
648834004_1240074641634613_1273472641452120911_n.jpg
648841406_1240074684967942_4584957307835578617_n.jpg
649663717_1240074561634621_2249434148254031751_n.jpg
650139631_1240074608301283_6238580176603788009_n.jpg
650361150_1240074728301271_5704361984249037642_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолундагы кɵпүрɵнү кеңейтүү иштери кызуу уланууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда кɵпүрɵнүн эки тарабындагы эски темир тосмолор жана асфальттын эски катмары толугу менен алынып, жаңыланган темир- бетон балкалары орнотулуп, кеңейтүү иштери жүрүүдɵ.

Мындан тышкары, аталган жолдун Жибек-Жолуна (0-360 метрде) чейинки тилкесинде жер жумуштары уланып, электр жана байланыш линиялары жылдырылууда.

Аталган кɵпүрɵдɵ курулуш иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу Лебединовка – ГЭС-5 жолундагы 0-360м тилкеси 15-февралдан 20-апрелге чейин убактылуу жабылды.

Белгилей кетсек, Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолунун жалпы узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Реконструкция иштеринин алкагында жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкелүү болуп кеңеет. Ошондой эле долбоордо жарыктандыруу, учурдагы чоң көпүрөнүн эки тарабынан тротуар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө куруу каралган.