Бишкектин айрым аймактарында 4-мартта суу өчөт

Коом 28 февраль 2026 14:10
Бишкектин айрым аймактарында 4-мартта суу өчөт

Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын айрым тилкелеринде 4-мартта ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу "Бишкексууканал" башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, чектөөлөр ошол күнү саат 9:00дөн 22:00гө чейин созулат.

Өчүрүү аймагы:

  • Куйручук көчөсү – Молдокулов көчөсү – Ахунбаев көчөсү – Куйручук көчөсү кесилишкен аймактар.

Суу магистралдык суу түтүгүн туташтыруу иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Суу берүү турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык-өндүрүштүк объектилерге токтотулат.