Көңүл буруңуз! 4-июнда Бишкектин бир катар даректеринде суу болбойт

Коом 01 Июнь 2026 16:40
1780308056_large.png
1780308022.jpeg
Алдыга
Артка
1780308056_large.png
1780308022.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. 4-июнда борбор калаанын бир катар даректеринде суу болбойт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-июнда саат 09:00дөн 00:00гө чейин Ала-Арча суусу – Байтик Баатыр көчөсүнөн – Түштүк Чоң Чүй каналына (ТЧЧК) чейинки аймакта, ошондой эле Ала-Арча-3 конушунда суу берүү токтотулат.

"Суу МИКтин котлованындагы суу агууну аныктоо боюнча авариялык-издөө иштерин жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу өчүрүлмөкчү. Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, шаар тургундарын алдын ала ичүүчү суу камдап алууну суранат"–деп айтылат маалыматта.