4-апрель – санариптик кызматкерлердин кесиптик күнү катары бекитилди

Коом Загрузка... 20 Март 2026 09:32
dus29t8t11oa3606bpkswzfyfzcarbly.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 20.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинети тарабынан санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө токтом кабыл алынды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен билдиришти.

Документке ылайык, жыл сайын 4-апрелде өлкөдө санариптештирүү жана маалыматтык технологиялар тармагындагы адистердин кесиптик майрамы белгиленет. Чечим алардын Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын таануу жана санариптик трансформацияны андан ары өнүктүрүүнү колдоо максатында кабыл алынды.

Майрам тармактын бардык адистерин – мамлекеттик секторду да, бизнестин, IT-компаниялардын жана өлкөдө санариптик чечимдерди жана сервистерди өнүктүрүүгө салым кошкон жеке демилгелердин өкүлдөрүн да бириктирет.

Бул датанын киргизилиши мамлекеттик башкарууну модернизациялоодо жана жарандардын жашоо сапатын жогорулатууда негизги ролду ойногон тармактын маанилүүлүгүн баса белгилейт.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги кесиптик күндүн белгилениши санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө, ошондой эле инновациялык чечимдерди андан ары киргизүүгө жана өлкөнүн санариптик трансформациясын бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгилейт.