3,4 миң га жер өздөштүрүлөт: Аксыда 908 млн сомго канал курулууда

Аймак 15 Июнь 2026 13:20
1.jpg
723481337_2111042816429638_5639361688363661030_n.jpg
723626658_2111042433096343_3649490286558988701_n.jpg
723820950_2111042763096310_7304096790720550163_n.jpg
724062599_2111042713096315_3916605645315099577_n.jpg
724097919_2111042773096309_2428292596811203714_n.jpg
724590219_2111042799762973_1973519385689679390_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Аксы районунда курулуп жаткан Ак-Терек каналынын курулуш иштери менен таанышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, бул маселе буга чейин өткөн элдик жыйында жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн.

Падыша-Ата дарыясынан башталган бул ири ирригациялык объект Аксыдагы сугат суу тартыштыгын биротоло жоюуга багытталган. Долбоордун жалпы наркы 908,2 млн сомду түзөт. Канал толук бүткөндөн кийин 3400 гектар жаңы жер аянты өздөштүрүлүп, сугат суу менен камсыз болот.

Канал секундасына 8 куб метр суу өткөрө алат. Долбоордун алкагында суу тосмо курулмасы, 2 чакырымдан ашык башкы канал жана узундугу 2 чакырым 44 метр болгон атайын туннель курулууда.

Азыркы тапта туннелди казып бүтүүгө болгону 215 метр калды. Жумуш эки нөөмөт менен үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Адистердин билдиришинче, туннелди казуу иштери үстүбүздөгү жылдын август айында толук аяктап, андан соң бетондоо этабы башталат.

Облус башчысы тиешелүү жетекчилерге курулуштун сапатын катуу көзөмөлгө алууну жана жумуштарды өз убагында бүтүрүүнү тапшырды.