Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. 30-октябрда Ак-Босого конушунда суу өчөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 30-октябрда саат 9.00дөн 20:00гө чейин
Ак Босого конушундагы №81 орто мектеп, №13 ҮБД, №2 «Алтынай» бала бакчасында, №15 жергиликтүү милиция бөлүмүндө, №16 МАБда суу берүү токтотулат.
Ичүүчү суу «Ак Босого-1» , «Ак Босого-2» суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
Бишкек мэриясы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртеп камдап алышын суранат.