Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 30-июнга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, күндүз өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда: +28...+33 °C;
- Талас облусунда: +29...+31 °C;
- Ош жана Жалал-Абад облустарында: +32...+37 °C;
- Баткен облусунда: +30...+35 °C;
- Ысык-Көл облусунда: +26...+31 °C;
- Нарын облусунда: +25...+30 °C.
Бүгүн Бишкек шаарында абанын табы +31...+33 градуска чейин жогорулайт.