3-ноябрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 3 ноябрь 2025 08:50
3-ноябрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-ноябрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +13 ... +18, Талас жергесинде +9... +14, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +14... +19, Ысык-Көлдө +13, +18, Нарында +10.. +15, ал эми Бишкек шаарында +14... +16 градус болуп, жылуу болушу күтүлөт.